# 20-берене. Премьер-министрдин ордун алмаштыруучу Өкмөт мүчөсүнүн ыйгарым укуктары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203685)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 18-июнундагы № 85 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" конституциялык Мыйзамы конституциялык Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 85
- Кабыл алынган күнү: 18.06.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 11 октября 2021 года № 122 "О Кабинете Министров Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112301)
- Акыркы өзгөртүү: [Конституционный Закон КР от 19 июля 2013 года № 151 "О внесении изменений и дополнений в конституционный Закон Кыргызской Республики "О Правительстве Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203960)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203685#diff=1283698..1283697>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203685/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4617/edition/1283696/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203685/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө, 20-берене (11.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203685/st-20

---

Премьер-министрдин милдеттерин убактылуу аткарган Өкмөт мүчөсү, төмөнкүлөрдөн тышкары, Премьер-министр аткарган иш-милдеттерди аткарат:

1) Өкмөттүн же Премьер-министрдин отставкасы жөнүндө демилге көтөрүүнү;

2) Өкмөттүн мүчөлөрүн кызматка дайындоо жана кызматынан бошотуу жөнүндө сунуштарды киргизүүнү;

3) администрациялык ведомстволордун жетекчилерин, Өкмөттүн областтагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн, Өкмөткө ведомстволук караштуулуктагы уюмдар менен мекемелердин жана алардын бирикмелеринин жетекчилерин кызматка дайындоону жана кызматынан бошотууну;

4) Өкмөткө ишеним көрсөтүү жөнүндө маселени Жогорку Кеңештин алдына коюу укугун.

(КР 2013-жылдын 19-июлундагы № 151 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203685/st-19)  
Кийинки берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203685/st-21)
