# 14-берене. Өкмөттүн жыйналыштары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203685)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 18-июнундагы № 85 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" конституциялык Мыйзамы конституциялык Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 85
- Кабыл алынган күнү: 18.06.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 11 октября 2021 года № 122 "О Кабинете Министров Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112301)
- Акыркы өзгөртүү: [Конституционный Закон КР от 30 декабря 2013 года № 228 "О внесении дополнения в конституционный Закон Кыргызской Республики "О Правительстве Кыргызской Республики""](https://aqlex.ai/kg/doc/205118)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203685#diff=1283697..1283699>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203685/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4617/edition/1283696/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203685/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө, 14-берене (11.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203685/st-14

---

1. Өкмөттүн жыйналыштары зарылдыгына жараша, бирок айына кеминде бир жолу өткөрүлөт. Өкмөттүн жыйналышынын күн тартибин Премьер-министр аныктайт.

2. Өкмөт мүчөлөрү Өкмөттүн жыйналыштарына катышат жана өзү добуш берет. Өкмөттүн жыйналышына төрагалык кылуучунун чечими боюнча башка адамдар да чакырылышы мүмкүн.

3. Өкмөттүн жыйналыштарына Премьер-министр төрагалык кылат. Премьер-министр болбогондо төрагалык кылуучунун милдеттерин биринчи вице-премьер-министр же вице-премьер-министрлердин бири аткарат.

4. Өкмөт айрым маселелерди өзүнүн жабык жыйналыштарында кароого укуктуу.

5. Эгерде ага Өкмөттүн мүчөлөрүнүн үчтөн экисинен кем эмеси катышса, Өкмөттүн жыйналышы ыйгарым укуктуу болот.

6. Өкмөттүн жыйналышында чечимдер Өкмөттүн мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар тең болуп калганда Премьер-министр добуш берген чечим кабыл алынды деп эсептелет.

7. Өкмөттүн жыйналыштарын даярдоонун, өткөрүүнүн жана чечимдерди кабыл алуунун тартиби Өкмөт тарабынан бекитилүүчү Өкмөттүн Регламенти менен аныкталат.

8. Өкмөт өз жыйналыштарында карала турган жана алар боюнча чечим кабыл алынган маселелер жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жарандарга маалымдайт.

8-1. Өкмөттүн ачык жыйналышынын видео- жана аудио жазып алуулары толук көлөмдө, кыскартылбай жыйналыш өткөрүлгөндөн кийин 2 жумушчу күндүн ичинде Өкмөттүн расмий сайтына же болбосо Өкмөттүн расмий сайтына шилтемелерди милдеттүү жайгаштыруу менен жалпыга жеткиликтүү видеопорталдарга жарыяланат. Өкмөттүн жыйналышынын видео- же аудио жазып алууларын белгиленген мөөнөттө жарыялоо мүмкүнчүлүгү болбогондо Өкмөттүн Аппараты жазып алуулар жарыялана турган мөөнөт жөнүндө маалымат жарыялайт. Жабык жыйналыштардын жазып алуулары Өкмөттө жашыруундуулук режимин сактоо менен сакталат.

9. Өкмөттүн Регламентинде каралган тартипте, Өкмөт мүчөлөрүнөн жазуу жүзүндө сурап-билүү жолу менен жыйналыш өткөрбөстөн Өкмөт чечимдерди кабыл алууга укуктуу.

(КР 2013-жылдын 30-декабрындагы № 228 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203685/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203685/st-15)
