# 13-берене. Өкмөттүн отставкасы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203685)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 18-июнундагы № 85 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" конституциялык Мыйзамы конституциялык Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 85
- Кабыл алынган күнү: 18.06.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 11 октября 2021 года № 122 "О Кабинете Министров Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112301)
- Акыркы өзгөртүү: [Конституционный Закон КР от 19 июля 2013 года № 151 "О внесении изменений и дополнений в конституционный Закон Кыргызской Республики "О Правительстве Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203960)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203685#diff=1283698..1283697>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203685/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4617/edition/1283696/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203685/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө, 13-берене (11.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203685/st-13

---

1. Өкмөт төмөнкү негиздер боюнча отставкага кеткен болуп эсептелет:

1) фракциялардын коалициясы парламенттик көпчүлүктүн статусун жоготкондо;

2) Конституцияда каралган учурларда, Жогорку Кеңешке шайлоолор мөөнөтүнөн мурда дайындалганда;

3) Президент тарабынан Өкмөттүн отставкасы кабыл алынганда;

4) Президент тарабынан Премьер-министрдин отставкасы кабыл алынганда;

5) Конституцияда каралган тартипте, Жогорку Кеңеш тарабынан Өкмөткө ишеним көрсөтүлбөгөндүгүнө байланыштуу Президент тарабынан Өкмөттүн отставкасы жөнүндө чечим кабыл алынганда;

6) ушул беренеде каралган тартипте, Жогорку Кеңеш Өкмөткө ишеним көрсөтүүдөн баш тартышына байланыштуу Өкмөттүн отставкасы жөнүндө чечим Президент тарабынан кабыл алынганда.

2. Өкмөт отставкага кеткен учурда ушул конституциялык Мыйзамда каралган тартипте жана мөөнөттө жаңы Өкмөт түзүлөт.

Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган негиздер боюнча Өкмөт отставкага кеткен учурда, Президент фракциялардын коалициясы тарабынан парламенттик көпчүлүктүн статусун жоготкондугу жөнүндө расмий жарыялаган күндөн тартып 3 жумуш күндүн ичинде фракциялардын бирине 15 жумуш күндүн ичинде парламенттик көпчүлүктү түзүүнү жана Премьер-министрдин кызматына талапкерди көрсөтүүнү сунуш кылат. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 3, 4, 5, 6-пункттарында каралган негиздер боюнча Өкмөт отставкага кеткен учурда, депутаттык мандаттардын жарымынан көбүнө ээ болгон фракция же фракциялардын коалициясы Президент тарабынан Өкмөттүн отставкасы жөнүндө чечим кабыл алынгандан же ал тарабынан Премьер-министрдин жана Өкмөттүн отставкасы кабыл алынгандан тартып 15 күндүн ичинде Премьер-министрдин кызматына талапкерди көрсөтөт.

3. Премьер-министр Өкмөткө ишеним көрсөтүү жөнүндө маселени Жогорку Кеңештин алдына жылына бир жолудан ашык эмес коюшу мүмкүн.

Премьер-министрдин Өкмөткө ишеним көрсөтүү жөнүндө маселеси Жогорку Кеңеш тарабынан кезексиз каралат. Өкмөткө ишеним көрсөтүү жөнүндө маселе Премьер-министр тарабынан Жогорку Кеңештин алдына Премьер-министр тарабынан демилге көтөрүлгөн Жогорку Кеңештин айкын чечиминин долбоору менен байланышта коюлушу мүмкүн. Бул учурда Премьер-министр сунуш кылган чечимди Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынбагандыгы Өкмөткө ишеним көрсөтүүдөн баш тартуу деп эсептелет. Өкмөткө ишеним көрсөтүү жөнүндө маселе Премьер-министр тарабынан Жогорку Кеңештин алдына республикадагы жалпы саясий кырдаалга негизденүү менен коюлушу мүмкүн. Жогорку Кеңеш Өкмөткө ишеним көрсөтүүдөн баш тарткан учурда Президент 5 жумуш күндүн ичинде Өкмөттүн отставкасы жөнүндө чечим кабыл алат же болбосо Жогорку Кеңешке шайлоону мөөнөтүнөн мурда дайындайт.

4. Өкмөттүн отставкасынын кабыл алынышы Өкмөттүн бүткүл курамынын жана администрациялык ведомстволордун жетекчилеринин отставкасына алып келет.

Өкмөттүн отставкасы учурунда Өкмөттүн мүчөлөрү жана администрациялык ведомстволордун жетекчилери Өкмөттүн жаңы курамынын мүчөлөрү жана администрациялык ведомстволордун жетекчилери дайындалган күнгө чейин өз милдеттерин аткарууну уланта берет. Отставкага кеткен Өкмөт мүчөлөрү Өкмөттүн жаңы курамынын мүчөлөрү дайындалган күнү Президенттин жарлыгы менен өз милдеттерин аткаруудан бошотулат.

5. (КР 2013-жылдын 19-июлундагы № 151 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

6. (КР 2013-жылдын 19-июлундагы № 151 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

7. (КР 2013-жылдын 19-июлундагы № 151 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР 2013-жылдын 19-июлундагы № 151 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203685/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203685/st-14)
