Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
13-берене. Өкмөттүн отставкасы
Күчүн жоготкон · 11.10.2021 редакциясы · 3-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 11 октября 2021 года № 122.
Акыркы өзгөртүү: Конституционный Закон КР от 19 июля 2013 года № 151
1. Өкмөт төмөнкү негиздер боюнча отставкага кеткен болуп эсептелет:
1) фракциялардын коалициясы парламенттик көпчүлүктүн статусун жоготкондо;
2) Конституцияда каралган учурларда, Жогорку Кеңешке шайлоолор мөөнөтүнөн мурда дайындалганда;
3) Президент тарабынан Өкмөттүн отставкасы кабыл алынганда;
4) Президент тарабынан Премьер-министрдин отставкасы кабыл алынганда;
5) Конституцияда каралган тартипте, Жогорку Кеңеш тарабынан Өкмөткө ишеним көрсөтүлбөгөндүгүнө байланыштуу Президент тарабынан Өкмөттүн отставкасы жөнүндө чечим кабыл алынганда;
6) ушул беренеде каралган тартипте, Жогорку Кеңеш Өкмөткө ишеним көрсөтүүдөн баш тартышына байланыштуу Өкмөттүн отставкасы жөнүндө чечим Президент тарабынан кабыл алынганда.
2. Өкмөт отставкага кеткен учурда ушул конституциялык Мыйзамда каралган тартипте жана мөөнөттө жаңы Өкмөт түзүлөт.
Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган негиздер боюнча Өкмөт отставкага кеткен учурда, Президент фракциялардын коалициясы тарабынан парламенттик көпчүлүктүн статусун жоготкондугу жөнүндө расмий жарыялаган күндөн тартып 3 жумуш күндүн ичинде фракциялардын бирине 15 жумуш күндүн ичинде парламенттик көпчүлүктү түзүүнү жана Премьер-министрдин кызматына талапкерди көрсөтүүнү сунуш кылат. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 3, 4, 5, 6-пункттарында каралган негиздер боюнча Өкмөт отставкага кеткен учурда, депутаттык мандаттардын жарымынан көбүнө ээ болгон фракция же фракциялардын коалициясы Президент тарабынан Өкмөттүн отставкасы жөнүндө чечим кабыл алынгандан же ал тарабынан Премьер-министрдин жана Өкмөттүн отставкасы кабыл алынгандан тартып 15 күндүн ичинде Премьер-министрдин кызматына талапкерди көрсөтөт.
3. Премьер-министр Өкмөткө ишеним көрсөтүү жөнүндө маселени Жогорку Кеңештин алдына жылына бир жолудан ашык эмес коюшу мүмкүн.
Премьер-министрдин Өкмөткө ишеним көрсөтүү жөнүндө маселеси Жогорку Кеңеш тарабынан кезексиз каралат. Өкмөткө ишеним көрсөтүү жөнүндө маселе Премьер-министр тарабынан Жогорку Кеңештин алдына Премьер-министр тарабынан демилге көтөрүлгөн Жогорку Кеңештин айкын чечиминин долбоору менен байланышта коюлушу мүмкүн. Бул учурда Премьер-министр сунуш кылган чечимди Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынбагандыгы Өкмөткө ишеним көрсөтүүдөн баш тартуу деп эсептелет. Өкмөткө ишеним көрсөтүү жөнүндө маселе Премьер-министр тарабынан Жогорку Кеңештин алдына республикадагы жалпы саясий кырдаалга негизденүү менен коюлушу мүмкүн. Жогорку Кеңеш Өкмөткө ишеним көрсөтүүдөн баш тарткан учурда Президент 5 жумуш күндүн ичинде Өкмөттүн отставкасы жөнүндө чечим кабыл алат же болбосо Жогорку Кеңешке шайлоону мөөнөтүнөн мурда дайындайт.
4. Өкмөттүн отставкасынын кабыл алынышы Өкмөттүн бүткүл курамынын жана администрациялык ведомстволордун жетекчилеринин отставкасына алып келет.
Өкмөттүн отставкасы учурунда Өкмөттүн мүчөлөрү жана администрациялык ведомстволордун жетекчилери Өкмөттүн жаңы курамынын мүчөлөрү жана администрациялык ведомстволордун жетекчилери дайындалган күнгө чейин өз милдеттерин аткарууну уланта берет. Отставкага кеткен Өкмөт мүчөлөрү Өкмөттүн жаңы курамынын мүчөлөрү дайындалган күнү Президенттин жарлыгы менен өз милдеттерин аткаруудан бошотулат.
5. (КР 2013-жылдын 19-июлундагы № 151 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
6. (КР 2013-жылдын 19-июлундагы № 151 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
7. (КР 2013-жылдын 19-июлундагы № 151 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(КР 2013-жылдын 19-июлундагы № 151 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 11.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (26)
- КР Президентинин 2016-жылдын 26-октябрындагы ПЖ № 229 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде парламенттик көпчүлүктүн фракцияларынын коалициясын түзүү жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 26.10.2016 · № 229
- КР Президентинин 2015-жылдын 28-октябрындагы ПЖ № 218 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн отставкасы жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 28.10.2015 · № 218
- КР Президентинин 2016-жылдын 26-октябрындагы ПЖ № 228 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн отставкасы жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 26.10.2016 · № 228
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-июлундагы № 349 "Кимберли процессинин эл аралык сертификациялоо схемасына Кыргыз Республикасынын кошулуу маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 15.07.2019 · № 349
- КР Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 30-майындагы № 3111-V "Эркиндигинен ажыратылган жерден А.Батукаевдин бошотулушунун жана анын республиканын чегинен сырткары чыгып кетүүсүнүн…Постановление · 30.05.2013 · № 3111-V
- КР Президентинин 2014-жылдын 19 марты ПЖ № 58 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн отставкасы жөнүндө " ЖарлыгыУказ · 19.03.2014 · № 58
- КР Президентинин 2012-жылдын 29-октябрындагы № 235 "З.К.Рысалиев жөнүндө" жарлыгыУказ · 29.10.2012 · № 235
- КР Президентинин 2013-жылдын 6-июнундагы ПЖ №137 "Ш.Е.Атаханов жөнүндө" жарлыгыУказ · 06.06.2013 · № 137
- КР Президентинин 2018-жылдын 19-апрелиндеги ПЖ № 80 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн отставкасы жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 19.04.2018 · № 80
- КР Президентинин 2020-жылдын 17-июнундагы ПЖ № 112 "Д.Д.Догоев жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 17.06.2020 · № 112
- КР Президентинин 2020-жылдын 14-октябрындагы № 196 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым мүчөлөрүн бошотуу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 14.10.2020 · № 196
- КР Президентинин 2020-жылдын 17-июнундагы ПЖ № 111 "С.А.Кылжыев жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 17.06.2020 · № 111
- КР Президентинин 2021-жылдын 3-февралындагы ПЖ № 16 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым мүчөлөрүн бошотуу тууралуу" ЖарлыгыУказ · 03.02.2021 · № 16
- КР Президентинин 2012-жылдын 24-августундагы ПЖ №153 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн отставкасы жөнүндө" жарлыгыУказ · 24.08.2012 · № 153
- КР Президентинин 2013-жылдын 22-февралындагы ПЖ № 28 "Ш.Е.Атаханов жөнүндө" ЖарлыкУказ · 22.02.2013 · № 28
- КР Президентинин 2013-жылдын 25-февралындагы ПЖ № 34 "А.Т.Алымкулов жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 25.02.2013 · № 34
- КР Президентинин 2013-жылдын 25-февралындагы ПЖ № 35 "И.К.Жунусов жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 25.02.2013 · № 35
- КР Президентинин 2018-жылдын 20-апрелиндеги ПЖ № 89 "М.А.Касымкулов жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 20.04.2018 · № 89
- КР Президентинин 2018-жылдын 20-апрелиндеги ПЖ № 88 "Т.А.Батыралиев жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 20.04.2018 · № 88
- КР Президентинин 2018-жылдын 20-апрелиндеги ПЖ № 87 "А.Э.Новиков жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 20.04.2018 · № 87
26 ичинен 20 көрсөтүлдү.
Беренеде аталган актылар (2)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралууЗакон · 19.07.2013 · № 151 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203685/st-13" title="13-берене - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>