# 12-берене. Өкмөттүн жоопкерчилиги

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203685)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 18-июнундагы № 85 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" конституциялык Мыйзамы конституциялык Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 85
- Кабыл алынган күнү: 18.06.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 11 октября 2021 года № 122 "О Кабинете Министров Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112301)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203685/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4617/edition/1283696/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203685/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө, 12-берене (11.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203685/st-12

---

1. Өкмөт Жогорку Кеңешке отчет берет жана Конституция жана ушул конституциялык Мыйзам менен каралган чектерде анын алдында жооптуу болот.

2. Премьер-министр Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилген Өкмөттүн программасынын алкагында Өкмөттүн өткөн жылдагы иши жөнүндө, анын ичинде республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетту Жогорку Кеңешке жыл сайын 15-майдан кечиктирбестен берет.

3. Жогорку Кеңеш Өкмөткө ишеним көрсөтпөө жөнүндө маселени Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринин демилгеси боюнча карашы мүмкүн.

4. Өкмөткө ишеним көрсөтпөө жөнүндө токтом Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

5. Өкмөткө ишеним көрсөтпөө жөнүндө маселе Президентти кезектеги шайлоого чейин 6 ай калганда Жогорку Кеңеш тарабынан каралышы мүмкүн эмес.

6. Өкмөткө ишеним көрсөтпөө билдирилгенден кийин Президент Өкмөттүн отставкасы жөнүндө чечим кабыл алууга же болбосо Жогорку Кеңештин чечими менен макул болбоого укуктуу.

7. Эгерде Жогорку Кеңеш Өкмөткө ишеним көрсөтпөө жөнүндө чечимди 3 айдын ичинде кайталап кабыл алса, Президент Өкмөттү отставкага кетирет.

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203685/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203685/st-13)
