# КР 2012-жылдын 15-июнундагы № 84 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 15-июнундагы № 84 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 84
- Кабыл алынган күнү: 15.06.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.06.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203684>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4616/edition/454055/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203684.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.06.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2012-жылдын 15-июнундагы № 84 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (15.06.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203684

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2012-жылдын 15-июну № 84

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203684/st-1)

"Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1997-ж., № 8, 392-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

- 9-статьянын 5 жана 6-пункттарынын биринчи абзацында "Жогорку Кеңеши" деген сөздөрдөн кийин "менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөр менен толукталсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203684/st-2)

"Бийик тоолуу шарттарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 7, 100-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. Мыйзамдын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө".

2. 2-статьяда "Өкмөтүнүн көрсөтүүсү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши" деген сөздөр "Жогорку Кеңеши менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

3. 32-статьянын 2-бөлүгүнүн үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203684/st-3)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Атамбаев
