# КР 2012-жылдын 15-июнундагы № 83 "2011-жылдын 16-июнунда Москва шаарында кол коюлган, Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча евразиялык топ тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө"

- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 15-июнундагы № 83 "2011-жылдын 16-июнунда Москва шаарында кол коюлган, Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча евразиялык топ тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө"
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 83
- Кабыл алынган күнү: 15.06.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.06.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203683>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4615/edition/454053/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203683.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.06.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2012-жылдын 15-июнундагы № 83 "2011-жылдын 16-июнунда Москва шаарында кол коюлган, Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча евразиялык топ тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" (15.06.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203683

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2012-жылдын 15-июну № 83

2011-жылдын 16-июнунда Москва шаарында кол коюлган, Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча евразиялык топ тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203683/st-1)

2011-жылдын 16-июнунда Москва шаарында кол коюлган, Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча евразиялык топ тууралуу макулдашуу ратификациялансын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203683/st-2)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы көрсөтүлгөн Макулдашууну ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын атынан чыгуучу компетенттүү орган болуп аныкталсын.

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203683/st-3)

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуу күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду Кыргыз Республикасы аткарганы тууралуу Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча евразиялык топтун катчылыгына белгиленген тартипте кабарландырылсын.

### [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203683/st-4)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү көрсөтүлгөн Макулдашуунун жоболорунун ишке ашырууну камсыз кылуу үчүн зарыл чараларды көрсүн.

### [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203683/st-5)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Атамбаев
