Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «2011-жылдын 16-июнунда Москва шаарында кол коюлган, Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча евразиялык топ тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө»
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2012-жылдын 15-июну № 83
2011-жылдын 16-июнунда Москва шаарында кол коюлган, Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча евразиялык топ тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
2011-жылдын 16-июнунда Москва шаарында кол коюлган, Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча евразиялык топ тууралуу макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы көрсөтүлгөн Макулдашууну ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын атынан чыгуучу компетенттүү орган болуп аныкталсын.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуу күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду Кыргыз Республикасы аткарганы тууралуу Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча евразиялык топтун катчылыгына белгиленген тартипте кабарландырылсын.
4-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү көрсөтүлгөн Макулдашуунун жоболорунун ишке ашырууну камсыз кылуу үчүн зарыл чараларды көрсүн.
5-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (5)
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-ноябрындагы № 519-б (Женева шаарында (Швейцария) Экинчи улуттук докладын коргоо максаты жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 20.11.2014 · № 519-р
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 5-мартындагы №164 "«2011-жылдын 16-июнунда Москва шаарымда кол коюлган, Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого жана терроризмди каржылоого каршы…Постановление · 05.03.2012 · № 164
- КР Жогорку Кенешинини 2012-жылдын 17-майындагы № 1910-V "2011-жылдын 16-июнунда Москва шаарында кол коюлган Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого жана терроризмди каржылоого…Постановление · 17.05.2012 · № 1910-V
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 17-майындагы № 1911-V "2011-жылдын 16-июнунда Москва шаарында кол коюлган Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого жана терроризмди каржылоого…Постановление · 17.05.2012 · № 1911-V
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 17-майындагы № 1912-V "Москва шаарында 2011-жылдын 16-июнунда кол коюлган Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга жана террорчулукту каржылоого…Постановление · 17.05.2012 · № 1912-V