# КР 2012-жылдын 15-июнундагы № 82 ""Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 15-июнундагы № 82 ""Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 82
- Кабыл алынган күнү: 15.06.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.11.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203682>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4614/edition/1196979/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203682.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2012-жылдын 15-июнундагы № 82 ""Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (16.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203682

---

КР 2022-жылдын 16-ноябрындагы № 106 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2012-жылдын 15-июну № 82

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203682/st-1)

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" газетасы, 2011-жылдын 2-декабры, № 102) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 22-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4. Төраганын орун басарлары регламенттин маселелери караштуулугунда турган комитеттин курамына киришет. Төраганын орун басарлары Жогорку Кеңештин убактылуу комиссияларында болууга укуксуз.".

2. 27-статьянын 4-бөлүгүндө "3" деген сан "4" деген санга алмаштырылсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203682/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Атамбаев
