# 1-берене

- Документ: ["Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/203678)
- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 9-июнундагы № 78 ""Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 78
- Кабыл алынган күнү: 09.06.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.05.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 30 мая 2016 года № 75 "О государственной гражданской службе и муниципальной службе"](https://aqlex.ai/kg/doc/111354)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203678/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4610/edition/717866/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203678/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.05.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 1-берене (30.05.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203678/st-1

---

"Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 12, 529-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча:

ар кандай жөндөмө формаларындагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат иштери боюнча Агентствосу" деген сөздөр жана "Агентство" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын; ар кандай жөндөмө формаларындагы "директор" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "жетекчи" деген сөзгө алмаштырылсын.

2. 1-статьяда:

төртүнчү абзацта "Администрациясынын" деген сөз "Аппаратынын" деген сөзгө алмаштырылсын; жетинчи абзацта "Администрациясындагы" деген сөз "Аппаратындагы" деген сөзгө алмаштырылсын.

3. 12-статьянын 12-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызматка дайындалуучу жетекчи башкарат. Мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын түзүмү жана Жобосу Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилет.".

4. 20-статьянын 13-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Мамлекеттик кызматкерлерди аттестациялоо жөнүндө Жобо мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан киргизилет жана Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилет.".

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203678/st-2)
