Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
1-берене
Күчүн жоготкон · 30.05.2016 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 30 мая 2016 года № 75.
"Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 12, 529-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча:
ар кандай жөндөмө формаларындагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат иштери боюнча Агентствосу" деген сөздөр жана "Агентство" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын; ар кандай жөндөмө формаларындагы "директор" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "жетекчи" деген сөзгө алмаштырылсын.
2. 1-статьяда:
төртүнчү абзацта "Администрациясынын" деген сөз "Аппаратынын" деген сөзгө алмаштырылсын; жетинчи абзацта "Администрациясындагы" деген сөз "Аппаратындагы" деген сөзгө алмаштырылсын.
3. 12-статьянын 12-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызматка дайындалуучу жетекчи башкарат. Мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын түзүмү жана Жобосу Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилет.".
4. 20-статьянын 13-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Мамлекеттик кызматкерлерди аттестациялоо жөнүндө Жобо мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан киргизилет жана Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилет.".
Берененин тексти 30.05.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Мамлекеттик кызмат жөнүндөЗакон · 11.08.2004 · № 114 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203678/st-1" title="1-берене - "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>