Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «»Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө»
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 16 июня 2017 года № 103 "О науке и об основах государственной научно-технической политики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2017-06-16.
КР 2017-жылдын 16-июнундагы № 103 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2012-жылдын 1-июну № 77 "Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
1-берене.
"Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 5, 161-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
12-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "12-статья. Илимий мекемеге жетекчилик
Мамлекеттик илимий мекеменин жетекчиси эмгек жамаатынын жалпы чогулушунда, тиешелүү багыттагы жана квалификациядагы илимдин доктору деген окумуштуулук даражасы бар же тиешелүү тармактагы жетекчилик тажрыйбасы бар илимдин доктору даражасына ээ адистердин ичинен альтернативалык негизде жашыруун добуш менен 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Бир эле адам катары менен эки мөөнөттөн ашык шайлануусу мүмкүн эмес. Илимий мекемелердин жетекчилерин кызмат орундарынан бошотуунун тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын эки айлык мөөнөттө ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралуЗакон · 15.04.1994 · № 1485-XII · Күчүн жоготкон
- Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралууЗакон · 16.06.2017 · № 103 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 20-июлундагы № 407 "Илим жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу"Постановление · 20.07.2016 · № 407 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралууЗакон · 16.06.2017 · № 103 · Күчүн жоготкон