# 5-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2012-жылга бюджети жана 2013-2014-жылдарга божомолу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203672)
- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 29-майындагы № 72 "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2012-жылга бюджети жана 2013-2014-жылдарга божомолу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 72
- Кабыл алынган күнү: 29.05.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.03.2013
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 марта 2013 года № 44 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "О бюджете Социального фонда Кыргызской Республики на 2012 год и прогнозе на 2013-2014 годы"](https://aqlex.ai/kg/doc/203851)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203672#diff=454030..454031>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203672/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4604/edition/454030/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203672/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.03.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2012-жылга бюджети жана 2013-2014-жылдарга божомолу жөнүндө, 5-берене (18.03.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203672/st-5

---

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондун республикалык бюджеттен 2012-жылга 10652290,1 миң сом суммасында, 2013-жылга божомол 12882800,0 миң сом суммасында, 2014-жылга - 16360300,0 миң сом суммасында каржылоо бекитилсин, анын ичинде: пенсиянын базалык бөлүгүнө 2012-жылга - 5232355,5 миң сом, 2013-жылга божомол - 7375969,4 миң сом, 2014-жылга - 9831120,1 миң сом; аскер кызматчыларынын пенсиясына (Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин жана башкалардын пенсионерлерине) 2012-жылга - 1022500,0 миң сом, 2013-жылга божомол - 1070530,0 миң сом, 2014-жылга - 1231109,0 миң сом; аскер кызматчыларын камсыздандыруу учуру боюнча бир жолку жөлөкпулга 2012-жылга - 17500,0 миң сом, 2013-жылга божомол - 25000,0 миң сом, 2014-жылга - 40000,0 миң сом; пенсияларга (көп балалуу энелерге жана бала кезинен майып балдардын энелерине, бийик тоолуу шарттарда иштегендиги үчүн, алыскы жана барууга кыйын райондордо жашагандарга, "Кыргызстан аба жолдору" улуттук авиаташуучу" ААКтын учуу жана учуу-сынак курамынын кызматкерлерине, N 2 Тизме боюнча жана "PESAC" программасына кирген ишканаларда текстилдик өндүрүш ишканаларында иштегендерге) жана пенсияларга кошумча төлөөлөр (майыптардын, Улуу Ата Мекендик жана башка согуштун катышуучуларынын, Кыргыз Республикасына өзгөчө эмгек сиңиргендердин), компенсацияларга төлөмдөр (Чернобыль атомдук электр станциясы жана башка жарандык жана согуштук дайындалыштагы атомдук объектилердеги кыйроонун кесепетин жоюунун катышуучуларына, "PESAC" программасына кирген ишканаларда эмгектик мертинүү же кесиптик оору боюнча багуучусунан айрылгандарга, иш берүүчүнүн кайра уюшулушуна же жоюлушуна байланыштуу келтирилген зыяндын ордун толтуруу) 2012-жылга - 2608398,2 миң сом, 2013-жылга божомол 2672390,6 миң сом, 2014-жылга - 3490674,9 миң сом; пенсионерлерге электр энергиясы үчүн компенсациялык төлөмдөргө 2012-жылга - 1771536,4 миң сом, 2013-жылга божомол - 1738910,0 миң сом, 2014-жылга - 1767396,0 миң сом. 2011-жылга республикалык бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттарынын 228856,9 миң сом суммасындагы пайдаланылбай калган калдыгы "Баатыр эне" же "Мать-героиня" ордендери менен сыйланган энелердин пенсиясына кошумча төлөөлөрдү каржылоого жумшалсын. (КР 2013-жылдын 18-мартындагы № 44 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203672/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203672/st-6)
