# КР 2012-жылдын 28-майындагы № 68 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 28-майындагы № 68 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 68
- Кабыл алынган күнү: 28.05.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203668>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4600/edition/1119703/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203668.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2012-жылдын 28-майындагы № 68 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203668

---

Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2012-жылдын 28-майы № 68

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203668/st-1)

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин:

1. 345-беренеде:

2-бөлүктүн биринчи абзацы "салык органдары кызматы тарабынан берилүүчү" деген сөздөрдөн кийин "же төлөм терминалы аркылуу салык төлөөчү сатып алуучу" деген сөздөр менен толукталсын; 3-бөлүк "ишкердикти жүргүзгөн орду боюнча салык кызматынан" деген сөздөрдөн кийин "же төлөм терминалы аркылуу" деген сөздөр менен толукталсын.

2. 355-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Эгерде ушул бөлүктө башкача каралбаса, патент удаалаш өтүүчү 1, 2, 15, 30, 90 же 180 күнгө сатып алынышы мүмкүн. Патентти 90 күнгө сатып алууда салыктын суммасы 5 пайызга, 180 күнгө сатып алууда - 10 пайызга төмөндөйт. Төлөм терминалы аркылуу сатып алынуучу патент удаалаш өтүүчү 1ден 30 күнгө чейинки мөөнөткө сатып алынышы мүмкүн.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203668/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Атамбаев
