# 7-берене. Ички иштер органдарынын аракеттерин чектөө

- Документ: [Тынч чогулуштар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203664)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 23-майындагы № 64 "Тынч чогулуштар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 64
- Кабыл алынган күнү: 23.05.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.05.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203664/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4596/edition/713354/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203664/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.05.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Тынч чогулуштар жөнүндө, 7-берене (23.05.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203664/st-7

---

Тынч чогулуштарды өткөрүүнү уюштуруу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууда, ушул Мыйзамда каралган мамлекеттик органдардын аракеттерин чектөөлөрдү эске алуу менен ички иштер органдарына кошумча төмөнкүлөргө тыюу салынат:

1) тынч чогулуштарга анын катышуучусу катары катышууга;

2) тынч чогулуштардын уюштуруучуларына, алардын өкүлдөрүнө жана катышуучуларына укук ченемдүү аракеттерди жүзөгө ашырууларына тоскоолдук кылууга;

3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, ички иштер органдарынын кызматкерлеринин айырмалуу белгилерин алып коюуга же жашырууга жана чогулуштардын катышуучуларына ички иштер органынын кызматкеринин ырастамасын көрсөтүүдөн жана анын мазмуну менен тааныштыруудан баш тартууга;

4) чогулуштун катышуучуларына же башка адамдарга чогулушту фотоже видео тартып алууга тоскоолдук кылууга.

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203664/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203664/st-8)
