# 5-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттери

- Документ: [Тынч чогулуштар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203664)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 23-майындагы № 64 "Тынч чогулуштар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 64
- Кабыл алынган күнү: 23.05.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.05.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203664/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4596/edition/713354/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203664/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.05.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Тынч чогулуштар жөнүндө, 5-берене (23.05.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203664/st-5

---

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:

1) чогулуш өткөрүү аймагында ички иштер органдарын, башка кызыкдар мамлекеттик органдарды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын пландалган же өткөрүлүп жаткан чогулуш жөнүндө маалыматтарды алганы тууралуу токтоосуз кабардар кылат;

2) ички иштер органдары жана башка мамлекеттик органдар менен өз ара аракетте тынч чогулуштарды өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырат;

3) тынч чогулуштарды өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чогулуштун уюштуруучулары жана катышуучулары менен өз ара аракеттенет;

4) чогулуштарды өткөрүү жөнүндө кабарландырууларды кабыл алууну камсыз кылат;

5) зарыл болгондо коммуналдык жана башка кызматтардын (медициналык тез жардам, өрткө каршы кызмат, сактоо кызматы жана башка кызматтар) ишин уюштурат;

6) чогулуштар өтүп жаткан жерлерде алкоголду, баңги каражаттарын, психотроптук же башка дендароо кылуучу заттарды колдонуунун алдын алуу жана болтурбоодо ички иштер органдарына көмөк көрсөтөт;

7) чогулушту өткөрүүгө себеп болгон маселелер жөнүндө маалыматтар бар болгондо ошол маселелер даректелген мамлекеттик органдарга маалымдайт;

8) ушул Мыйзамда каралган башка милдеттерди аткарат.

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203664/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203664/st-6)
