# 3-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылган терминдер

- Документ: [Тынч чогулуштар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203664)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 23-майындагы № 64 "Тынч чогулуштар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 64
- Кабыл алынган күнү: 23.05.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.05.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203664/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4596/edition/713354/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203664/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.05.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Тынч чогулуштар жөнүндө, 3-берене (23.05.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203664/st-3

---

Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн пайдаланылган терминдер төмөнкүдөй мааниге ээ:

1) каршы чогулуш - ошол эле жүйөө, бирок бул чогулуштарды өткөрүүнүн ордуна жана убактысына карабастан карама-каршы көз караш жөнүндө билдирүү максаты менен өткөрүлүүчү чогулуш;

2) тынч чогулуш - өзүнүн мүнөзү боюнча зомбулуксуз жана куралсыз болуп саналган чогулуш;

3) тынч чогулуштун уюштуруучусу - тынч чогулуштун демилгечиси болуп саналган, саясий партиялардын, башка уюмдардын, жарандардын атынан чыгуучу, көрсөтүлгөн иш-чараларды даярдоого багытталган иш аракеттерди аткаруучу, ошондой эле анын катышуучуларынын аракеттерине жетекчиликти жүзөгө ашыруучу адам;

4) жарыш чогулуш - ушул аймакта башка чогулуш менен бир убакта өткөрүлүп жаткан жана башка чогулуштун катышуучуларынын ой-пикирлеринен айырмалуу ой-пикирлерди билдирүү максатын көздөбөгөн чогулуш;

5) пландалган чогулуш - алдын ала кабарландыруу менен өткөрүлүүчү чогулуш;

6) чогулуш - кайсы-бир маселелер боюнча пикирлерди билдирүүнү кошуп алганда, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын көңүлүн, коомдук көңүлдү бурдуруу максатында коомдук жеткиликтүүлүк үчүн ачык жерлерде бир катар адамдардын атайылап жана убактылуу болушу;

7) ойлонулбаган чогулуш - алдын ала кабарландыруусуз өткөрүлгөн чогулуш;

8) чогулуш өткөрүү жөнүндө кабарландыруу - мамлекеттик органдарды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын пландалган чогулуш жөнүндө алдын ала кабарлоо;

9) чогулуштун катышуучусу - тынч чогулушка катышкан Кыргыз Республикасынын жараны, чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам.

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203664/st-2)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203664/st-4)
