# 2-берене. Чогулуштарды өткөрүүнү жөнгө салуучу мыйзамдар

- Документ: [Тынч чогулуштар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203664)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 23-майындагы № 64 "Тынч чогулуштар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 64
- Кабыл алынган күнү: 23.05.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.05.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203664/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4596/edition/713354/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203664/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.05.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Тынч чогулуштар жөнүндө, 2-берене (23.05.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203664/st-2

---

1. Тынч чогулуштарга эркиндик укугун камсыз кылууда мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын Конституциясын, ушул Мыйзамды, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин жетекчиликке алышат. Мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар ушул Мыйзамга карама-каршы келбөөгө тийиш.

2. Улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын саламаттыгын жана адеп-ахлагын сактоо же башка адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо максаттарында мыйзамда белгиленген учурларды кошпогондо, тынч чогулуштарга эркиндик укугунан пайдалануунун чектелиши мүмкүн эмес. Тынч чогулуштарга эркиндик укугунан пайдаланууга киргизилген чектөөлөр көрсөтүлгөн максаттарга теңдеш болушу керек.

3. Тынч чогулуштарга эркиндик укугун чектөөчү мыйзам алдындагы ченемдик укуктук актыларды кабыл алууга тыюу салынат.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203664/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203664/st-3)
