# 17-берене. Чогулушту токтотууда күч колдонуу

- Документ: [Тынч чогулуштар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203664)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 23-майындагы № 64 "Тынч чогулуштар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 64
- Кабыл алынган күнү: 23.05.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.05.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203664/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4596/edition/713354/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203664/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.05.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Тынч чогулуштар жөнүндө, 17-берене (23.05.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203664/st-17

---

1. Чогулушту күч колдонуу менен токтотуу акыркы чара болуп саналат.

2. Эгерде чогулуш укукка каршы максаттар менен күч колдонууга жана курал пайдаланууга барбаса, күч колдонууга, анын ичинде атайын күрөштүн күжүрмөн ыкмаларын, колдо болгон каражаттарды, атайын каражаттарды жана курал колдонууга тыюу салынат.

3. Чогулушту токтотуу үчүн күч колдонуу, анын ичинде шашылыш чараларды кабыл алууну талап кылган массалык башаламандык келип чыккан учурда, күч колдонуу, ушул Мыйзамдын талаптарын эске алуу менен жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жүзөгө ашырылат.

4. Чогулуш күч колдонуу менен токтотулган учурда, ички иштер органдары мындай аракеттерди колдонуунун себептерин көрсөтүү менен протокол түзөт, ал күч колдонуунун мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү жөнүндө маселени чечүү үчүн сотко токтоосуз берилет. Ушул талапты аткарбоо же талаптагыдай эмес аткаруу чогулушту күч колдонуу менен токтотууну мыйзамсыз деп таанууга алып келет.

---

Мурунку берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203664/st-16)  
Кийинки берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203664/st-18)
