# 16-берене. Чогулушту чектөө жана токтотуу тартиби

- Документ: [Тынч чогулуштар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203664)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 23-майындагы № 64 "Тынч чогулуштар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 64
- Кабыл алынган күнү: 23.05.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.05.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203664/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4596/edition/713354/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203664/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.05.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Тынч чогулуштар жөнүндө, 16-берене (23.05.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203664/st-16

---

1. Ага карата тыюу салуу жөнүндө чечим чыгарылган чогулуш токтотулууга тийиш.

2. Чогулушту чектөө жана токтотуу боюнча иш-чаралар чогулушка тыюу салууда чогулуш өткөрүүнүн ордунан кетирүүгө, ал эми чектөөдө - чогулуштун ордун, убактысын же кыймылынын каттамын өзгөртүүгө зарыл болгон мөөнөттү берүү менен чогулуш өткөргөн жерде уюштуруучуларына жана катышуучуларына алдын ала кабарландыруу менен, мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын биргелешкен аракеттери менен жүзөгө ашырылат.

3. Чогулуштарды чектөө жана аларды токтотуу боюнча иш-чараларга Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн катышуусуна тыюу салынат.

---

Мурунку берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203664/st-15)  
Кийинки берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203664/st-17)
