# 15-берене. Тынч чогулушка тыюу салуу жана чектөө үчүн негиздер

- Документ: [Тынч чогулуштар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203664)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 23-майындагы № 64 "Тынч чогулуштар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 64
- Кабыл алынган күнү: 23.05.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.05.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203664/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4596/edition/713354/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203664/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.05.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Тынч чогулуштар жөнүндө, 15-берене (23.05.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203664/st-15

---

1. Чогулушту өткөрүү убактысы, өткөрүү орду же кыймылынын каттамы боюнча чектөө тууралуу чечим чогулуштун катышуучуларынын жана көрсөтүлгөн жерлерде болгон башка жарандардын коопсуздугуна чыныгы коркунуч келтирген жагдайлар сакталып турган мезгилге карата кабыл алынат. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары чогулуштун уюштуруучуларына жана катышуучуларына чогулушка чектөөлөр киргизүүнүн себептери жөнүндө маалыматтарды жеткирүүгө милдеттүү.

2. Чогулушка тыюу салуу жөнүндө чечим чогулуш укукка каршы максаттарды, төмөнкүлөрдү көздөгөн учурларда кабыл алынышы мүмкүн:

1) согушту пропагандалаганда;

2) басмырлоону, кастыкты же зомбулукту шыкактоо болуп эсептелген этностук, расалык же диний жек көрүү, гендердик жана башка социалдык артыкчылык пайдасына жактап чыгууларда;

3) улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, башка адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин бузууга чакырганда;

4) тынч чогулушту үзгүлтүккө учуратуу максатында башка каршы чогулуш өткөрүүдө.

---

Мурунку берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203664/st-14)  
Кийинки берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203664/st-16)
