# 12-берене. Тынч чогулушту өткөрүүнүн орду

- Документ: [Тынч чогулуштар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203664)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 23-майындагы № 64 "Тынч чогулуштар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 64
- Кабыл алынган күнү: 23.05.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.05.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203664/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4596/edition/713354/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203664/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.05.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Тынч чогулуштар жөнүндө, 12-берене (23.05.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203664/st-12

---

1. Ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жерлерди кошпогондо, тынч чогулуштар Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында өткөрүлүшү мүмкүн.

2. Катышуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында тынч чогулуштар коркунучтуу жана зыяндуу өндүрүш объекттерине, электр станцияларына, темир жолдорго, мунай түтүктөрүнө жана электр берүүнүн жогорку чыңалуудагы чубалгыларынын алдына, пенитенциардык тутумдун объекттерине, мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо уюмдарына, мектепке чейинки балдар мекемелерине, мектепке чейинки билим берүү жана жалпы билим берүү уюмдарына жакын (100 метрден кем эмес) жерлерде өткөрүлүшү мүмкүн эмес.

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203664/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203664/st-13)
