1-берене
Күчүн жоготкон · 31.07.2025 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 31 июля 2025 года № 179.
"Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1998-ж., № 8, 230а-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча ар кандай жөндөмөлүк формалардагы "Улуттук байланыш агентствосу" жана "Кыргыз Республикасынын Улуттук байланыш агентствосу" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча ар кандай жөндөмөлүк формалардагы "Транспорт жана байланыш министрлиги" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "транспорт жана коммуникациялар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. 6-статьянын 7-бөлүгүндө "Республиканын Президенти тарабынан" деген сөздөр "Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. 7-статьянын 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жөнүндө Жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилет.".
5. 8-статьянын 2-бөлүгүнүн жетинчи абзацы "ишкана-монополисттеринин" деген сөздөрдөн кийин "монополияга каршы саясат боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдугу менен" деген сөздөр менен толукталсын.
6. 13-статьянын 4 жана 5-бөлүктөрү "Кыргызтелеком" деген сөздөн кийин "монополияга каршы саясат боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдугу менен" деген сөздөр менен толукталсын.
7. 17-статьянын 2-бөлүгүнүн биринчи абзацы "агентствосу" деген сөздөн кийин "монополияга каршы саясат боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдугу менен" деген сөздөр менен толукталсын.
Берененин тексти 31.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Электр жана почта байланышы жөнүндөЗакон · 02.04.1998 · № 31 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203658/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>