# КР 2012-жылдын 18-майындагы № 58 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 18-майындагы № 58 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 58
- Кабыл алынган күнү: 18.05.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203658>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4590/edition/1192926/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203658.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2012-жылдын 18-майындагы № 58 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203658

---

Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 31-июлундагы № 179 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2012-жылдын 18-майы № 58 Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө (КР 2022-жылдын 1-ноябрындагы № 100 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203658/st-1)

"Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1998-ж., № 8, 230а-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1. Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча ар кандай жөндөмөлүк формалардагы "Улуттук байланыш агентствосу" жана "Кыргыз Республикасынын Улуттук байланыш агентствосу" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча ар кандай жөндөмөлүк формалардагы "Транспорт жана байланыш министрлиги" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "транспорт жана коммуникациялар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын.

3. 6-статьянын 7-бөлүгүндө "Республиканын Президенти тарабынан" деген сөздөр "Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен" деген сөздөргө алмаштырылсын.

4. 7-статьянын 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жөнүндө Жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилет.".

5. 8-статьянын 2-бөлүгүнүн жетинчи абзацы "ишкана-монополисттеринин" деген сөздөрдөн кийин "монополияга каршы саясат боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдугу менен" деген сөздөр менен толукталсын.

6. 13-статьянын 4 жана 5-бөлүктөрү "Кыргызтелеком" деген сөздөн кийин "монополияга каршы саясат боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдугу менен" деген сөздөр менен толукталсын.

7. 17-статьянын 2-бөлүгүнүн биринчи абзацы "агентствосу" деген сөздөн кийин "монополияга каршы саясат боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдугу менен" деген сөздөр менен толукталсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203658/st-2)

(КР 2022-жылдын 1-ноябрындагы № 100 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203658/st-3)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Атамбаев
