# 2-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылган түшүнүктөр

- Документ: [Фонограммалар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203657)
- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 18-майындагы №57 "Фонограммалар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 57
- Кабыл алынган күнү: 18.05.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.05.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203657/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4589/edition/405566/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203657/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.05.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Фонограммалар жөнүндө, 2-берене (18.05.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203657/st-2

---

Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөнкү түшүнүктөр пайдаланылат: фонограмма - кинематография же башка аудиокөрүү чыгармаларына кошулган жазып алуу таризиндеги үндөрдөн тышкары, аткаруу үнүн же башка үндөрдү же болбосо үндөрдү чагылтууну жазып алуу; үн фонограммасы - музыкалык чыгарманы аткаруучунун үнүнүн добуштук жазылмасы; минустук фонограмма - музыкалык чыгарманы аткаруучунун үнүн камтыбаган музыкалык чыгарманын добуштук жазылмасы; плюстук фонограмма - музыкалык чыгарманы аткаруучунун үнүн камтыган музыкалык чыгарманын добуштук жазылмасы; жарым-жартылай фонограмма - иш-чараларды өткөрүүдө музыкалык чыгарманы аткарууда кошумча музыка же үн менен коштолууну талап кылган добуштук жазылма; ыйгарым укуктуу органдар - маданият жана искусство, ошондой эле керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруучу органдар.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203657/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203657/st-3)
