6-берене. Батирде жашоонун тартиби
Күчүндө · 14.05.2012 редакциясы
1. Жалдоочу төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) жашаган жери боюнча убактылуу катталууга;
2) өз каражаттарынын эсебинен коммуналдык кызматтар жана жалпы пайдалануудагы жайларды техникалык жактан тейлөөгө акы төлөөнү өз убагында жүргүзүүгө;
3) берилген батирде жашаган мезгилинде келтирилген зыяндын ордун толтурууга;
4) өзү же чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнүн өз менчигине Бишкек шаарынан же Бишкек шаарынан 20 чакырым аралыктагы калктуу конуштардан батир сатып алганы жөнүндө турак жай комиссиясына өз убагында кабарлоого.
2. Жалдоочу жана чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрү ошондой эле төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) жашаган кызматтык турак үйгө жана батирге аяр мамиле кылууга;
2) батирди анын арналышына ылайык пайдаланууга;
3) батирди пайдалануу эрежелерин сактоого;
4) батирдин сакталышы жөнүндө кам көрүүгө;
5) санитардык-техникалык жана башка жабдууларга, көрктөндүрүү объекттерине аяр мамиле кылууга:
6) ушул Мыйзамда каралган негиздер боюнча батирден он календарлык күндүн ичинде көчүп кетүүгө.
3. Жалдоочу төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Иш башкармалыгы менен макулдашуу боюнча өз каражаттарынын эсебинен батирдин учурдагы ремонтун жүргүзүүгө, ошондой эле үйдүн тегерегиндеги аймакты көрктөндүрүүгө;
2) кызматтык үйдөгү жалпы көйгөйлөрдү чечүү үчүн башка жалдоочулар менен биригүүгө.
4. Жалдоочуга батирди кошумча ижарага берүүгө, аны кайра жабдууну жана кайра пландаштырууну жүргүзүүгө тыюу салынат.
5. Эгерде жалдоочу батирде туруктуу жашабаса, турак жай комиссиянын чечими боюнча аны менен көчүп кирген адамдар чыгарылууга тийиш.
Берененин тексти 14.05.2012 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
6-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203652/st-6" title="6-берене - "Кызматтык турак үй жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>