# 4-берене. Турак жай комиссиясы

- Документ: ["Кызматтык турак үй жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/203652)
- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 14-майындагы № 52 ""Кызматтык турак үй жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 14.05.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.05.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203652/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4584/edition/453123/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203652/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.05.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: "Кызматтык турак үй жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 4-берене (14.05.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203652/st-4

---

1. Турак жай комиссиясы Жогорку Кеңештин Төрагасынын тескемеси менен төмөнкү курамда түзүлөт:

1) Жогорку Кеңештин Төрагасынын чарбалык иштер боюнча орун басарынан - комиссиянын төрагасы;

2) караштуулугунда регламент маселелери болгон комитеттин өкүлүнөн - комиссиянын төрагасынын орун басары;

3) ар бир фракциянын (бирден) өкүлдөрүнөн;

4) Жогорку Кеңештин профсоюздук комитетинин төрагасынан;

5) иш башкаруучунун турак жай маселеси боюнча орун басарынан.

2. Турак жай комиссиянын ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:

1) арыз берүүчүлөргө батир берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алуу;

2) чүчүкулак өткөрүүнүн тартибин белгилөө;

3) батирлерди алгачкы бөлүштүрүүдө чүчүкулак өткөрүү;

4) ушул Мыйзамда каралган негиздер боюнча батирден чыгаруу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу;

5) мыйзамдарга карама-каршы келбеген башка иштерди жүзөгө ашыруу.

3. Турак жай комиссиянын иши Жогорку Кеңештин Төрагасы тарабынан бекитилүүчү жобо менен жөнгө салынат.

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203652/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203652/st-5)
