# 2-берене. Кызматтык турак үйдөн батирлерди алуу укугу

- Документ: ["Кызматтык турак үй жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/203652)
- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 14-майындагы № 52 ""Кызматтык турак үй жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 14.05.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.05.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203652/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4584/edition/453123/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203652/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.05.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: "Кызматтык турак үй жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 2-берене (14.05.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203652/st-2

---

1. Кызматтык турак үйдөн батир алуу укугу анын же болбосо аны менен чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнүн менчигинде Бишкек шаарында жана Бишкек шаарынан 20 чакырымга чейинки аралыктагы калктуу конуштарда турак жайы жок Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатына (мындан ары - депутат) таандык.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине (мындан ары - Жогорку Кеңеш) депутат болуп шайлангандан кийин жана депутаттык ишинин мезгилинде өзүнүн менчик укугуна тиешелүү болгон турак жайды жакын туугандарынын же үчүнчү жактардын пайдасына берип коюуну жүргүзгөн депутат кызматтык турак үйдөн батир алууга укугу жок.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203652/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203652/st-3)
