# 1-берене

- Документ: ["Кызматтык турак үй жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/203652)
- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 14-майындагы № 52 ""Кызматтык турак үй жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 52
- Кабыл алынган күнү: 14.05.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.05.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203652/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4584/edition/453123/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203652/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.05.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: "Кызматтык турак үй жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 1-берене (14.05.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203652/st-1

---

"Кызматтык турак үй жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 3, 247-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. Мыйзамдын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кызматтык турак үйү жөнүндө".

2. Мыйзамдын мамлекеттик тилдеги бардык тексти боюнча ар кандай жөндөмөлүк жана сандык формалардагы "квартира" деген сөз тиешелүү жөндөмөлүк жана сандык формалардагы "батир" деген сөзгө алмаштырылсын.

3. 1-7-беренелер төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1-берене. Кызматтык турак үйдүн укуктук статусу

1. Кызматтык турак үй жана андагы батирлер мамлекеттин менчиги болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Иш башкармалыгынын (мындан ары - Иш башкармалыгы) балансында турат.

2. Кызматтык турак үйдүн жайгашкан жери Бишкек шаары болуп саналат.

3. Кызматтык турак үй жана андагы батирлер менчиктештирилүүгө, сатылууга, кошумча ижарага берилүүгө, күрөөгө коюлууга жана алар менен башка бүтүмдөр жүргүзүлүүгө тийиш эмес.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203652/st-2)
