1-берене
Күчүндө · 14.05.2012 редакциясы
"Кызматтык турак үй жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 3, 247-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. Мыйзамдын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кызматтык турак үйү жөнүндө".
2. Мыйзамдын мамлекеттик тилдеги бардык тексти боюнча ар кандай жөндөмөлүк жана сандык формалардагы "квартира" деген сөз тиешелүү жөндөмөлүк жана сандык формалардагы "батир" деген сөзгө алмаштырылсын.
3. 1-7-беренелер төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1-берене. Кызматтык турак үйдүн укуктук статусу
1. Кызматтык турак үй жана андагы батирлер мамлекеттин менчиги болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Иш башкармалыгынын (мындан ары - Иш башкармалыгы) балансында турат.
2. Кызматтык турак үйдүн жайгашкан жери Бишкек шаары болуп саналат.
3. Кызматтык турак үй жана андагы батирлер менчиктештирилүүгө, сатылууга, кошумча ижарага берилүүгө, күрөөгө коюлууга жана алар менен башка бүтүмдөр жүргүзүлүүгө тийиш эмес.
Берененин тексти 14.05.2012 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кызматтык турак үй жөнүндөЗакон · 17.03.2008 · № 22
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203652/st-1" title="1-берене - "Кызматтык турак үй жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>