# КР 2012-жылдын 14-майындагы № 50 ""Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 14-майындагы № 50 ""Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 50
- Кабыл алынган күнү: 14.05.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203650>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4582/edition/453119/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203650.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2012-жылдын 14-майындагы № 50 ""Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203650

---

Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 150 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2012-жылдын 14-майы № 50

"Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203650/st-1)

"Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 11, 678-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 6-статьяда:

1-бөлүгүндө "айыл жеринде кеминде эки жыл туруктуу жашаган" деген сөздөр алып салынсын. 2-бөлүгүндө "бир жылдын" деген сөздөр "үч жылдын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. 12-статьяда "Айыл жеринде кеминде эки жыл туруктуу жашаган" деген сөздөр алып салынсын.

3. 14-статьяда "Айыл жеринде кеминде эки жыл туруктуу жашаган" деген сөздөр алып салынсын.

4. 17-статьянын 1-бөлүгүндө "айыл жеринде кеминде эки жыл туруктуу жашаган" деген сөздөр алып салынсын.

5. 22-статьяда "айыл жеринде кеминде эки жыл туруктуу жашаган" деген сөздөр алып салынсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203650/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эки айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Атамбаев
