# КР 2012-жылдын 8-майындагы № 49 ""Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 8-майындагы № 49 ""Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 49
- Кабыл алынган күнү: 08.05.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.05.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203649>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4581/edition/453117/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203649.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.05.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2012-жылдын 8-майындагы № 49 ""Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (08.05.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203649

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2012-жылдын 8-майы № 49

"Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203649/st-1)

"Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, № 7, 767-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 1-берененин экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Сугат айдоо жерлерин көрүстөнгө которууга (трансформациялоого) жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган Баткен, Ош, Жалал-Абад областтарынын айрым чек ара аймактарынын жерлерин башка категорияларга же түрлөргө которууга мораторий жайылтылбайт. Бул аймактарда жерлерди башка категорияларга же түрлөргө которуу (трансформациялоо) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жүргүзүлөт. Көрүстөнгө которулган (трансформацияланган) сугат айдоо жерлер башка максаттагы багыттар боюнча пайдаланылышы мүмкүн эмес.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203649/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эки айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Атамбаев
