# 1-берене

- Документ: ["Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/203647)
- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 8-майындагы № 47 ""Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 47
- Кабыл алынган күнү: 08.05.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.05.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 30 мая 2016 года № 75 "О государственной гражданской службе и муниципальной службе"](https://aqlex.ai/kg/doc/111354)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203647/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4579/edition/717857/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203647/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.05.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 1-берене (30.05.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203647/st-1

---

"Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 12, 529-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 12-статьяда: 5-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Кеңештин курамына төмөнкүлөр кирет:

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бир жылдык мөөнөткө дайындалган парламенттик көпчүлүктүн бир өкүлү (Кеңештин төрагасынын орун басары) жана парламенттик оппозициянын бир өкүлү;

- Президент тарабынан бир жылдык мөөнөткө дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентинин бир өкүлү (Кеңештин төрагасынын орун басары);

- Өкмөт тарабынан бир жылдык мөөнөттө дайындалган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн эки өкүлү;

- Жогорку соттун төрагасы тарабынан Жогорку соттун мүчөлөрүнүн ичинен бир жылдык мөөнөткө дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун бир өкүлү;

- мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси туруктуу негизде (Кеңештин төрагасы).

Ушул органга тиешелүү маселени кароодо Кеңештин ишине (макулдашуу боюнча) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин тармактык комитетинин өкүлү, ошондой эле мамлекеттик органдын жетекчиси катышат."; 6-8-бөлүктөр күчүн жоготту деп таанылсын.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203647/st-2)
