1-берене
Күчүн жоготкон · 30.05.2016 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 30 мая 2016 года № 75.
"Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 12, 529-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 12-статьяда: 5-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Кеңештин курамына төмөнкүлөр кирет:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бир жылдык мөөнөткө дайындалган парламенттик көпчүлүктүн бир өкүлү (Кеңештин төрагасынын орун басары) жана парламенттик оппозициянын бир өкүлү;
- Президент тарабынан бир жылдык мөөнөткө дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентинин бир өкүлү (Кеңештин төрагасынын орун басары);
- Өкмөт тарабынан бир жылдык мөөнөттө дайындалган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн эки өкүлү;
- Жогорку соттун төрагасы тарабынан Жогорку соттун мүчөлөрүнүн ичинен бир жылдык мөөнөткө дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун бир өкүлү;
- мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси туруктуу негизде (Кеңештин төрагасы).
Ушул органга тиешелүү маселени кароодо Кеңештин ишине (макулдашуу боюнча) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин тармактык комитетинин өкүлү, ошондой эле мамлекеттик органдын жетекчиси катышат."; 6-8-бөлүктөр күчүн жоготту деп таанылсын.
Берененин тексти 30.05.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Мамлекеттик кызмат жөнүндөЗакон · 11.08.2004 · № 114 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203647/st-1" title="1-берене - "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>