# КР 2012-жылдын 7-майындагы № 46 "Кыргыз Республикасынын Жер кодексине толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 7-майындагы № 46 "Кыргыз Республикасынын Жер кодексине толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 46
- Кабыл алынган күнү: 07.05.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203646>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4578/edition/453111/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203646.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2012-жылдын 7-майындагы № 46 "Кыргыз Республикасынын Жер кодексине толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (18.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203646

---

Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 150 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2012-жылдын 7-майы № 46

Кыргыз Республикасынын Жер кодексине толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203646/st-1)

Кыргыз Республикасынын Жер кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 9, 440-ст.) төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 1-статья төмөнкү мазмундагы 24-2-пунктча менен толукталсын:

"24-2) рыноктук баа - бүтүмдүн тараптары бардык зарыл болгон маалыматтарга ээ болуу менен акылга сыярлык аракеттенгенде, ал эми бүтүмдүн баасынын көлөмүнө эч кандай өзгөчө кырдаалдар таасирин тийгизбегенде, атаандаштыктын шарттарында баалоо объектиси ачык рынокто ажыратылышы мүмкүн болгон кыйла мүмкүн болуучу баа;".

2. 5-статьянын 4-пунктунда "бир жыл" деген сөздөр "үч жыл" деген сөздөргө алмаштырылсын.

3. 66-статьянын 3-пунктунун экинчи абзацында "нарктык баасы (ченемдик баасы)" деген сөздөр "рыноктук баасы боюнча" деген сөздөргө алмаштырылсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203646/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203646/st-3)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эки айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Атамбаев
