# 7-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджети жана 2013-2014-жылдарга болжолу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203641)
- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 17-апрелиндеги № 41 "Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджети жана 2013-2014-жылдарга болжолу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 41
- Кабыл алынган күнү: 17.04.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.12.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203641/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4573/edition/453099/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203641/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджети жана 2013-2014-жылдарга болжолу жөнүндө, 7-берене (31.12.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203641/st-7

---

1. Белгиленсин:

1) Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мектептеринин 1-4-класстарынын окуучуларынын тамактануусун уюштурууга каражаттар (республикалык маанидеги шаарларды кошпогондо) 2012-жылга 475000,0 миң сом суммасында;

2) бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын алыскы зоналардын оор, жагымсыз табигый-климаттык шарттарында жайгашкан Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мектептеринин 1-4-класстарынын окуучуларынын тамактануу ченеми 1 окуучуга күнүнө 10 сом эсебинде.

2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялары жалпы билим берүүчү мектептердин 1-4-класстарынын окуучуларынын тамактануусун уюштурууга бөлүнгөн каражаттарды өз убагында жана максаттуу пайдалануу үчүн жоопкерчилик тартат.

3. Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мектептеринин 1-4-класстарынын окуучуларынын тамактануусун уюштуруудан үнөмдөлгөн каражаттар республикалык бюджетке кайтарылып берилет.

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203641/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203641/st-8)
