# 6-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджети жана 2013-2014-жылдарга болжолу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203641)
- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 17-апрелиндеги № 41 "Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджети жана 2013-2014-жылдарга болжолу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 41
- Кабыл алынган күнү: 17.04.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.12.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203641/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4573/edition/453099/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203641/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджети жана 2013-2014-жылдарга болжолу жөнүндө, 6-берене (31.12.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203641/st-6

---

1. Чыгашаларды каржылоо биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер боюнча (эмгек акы, Кыргыз Республикасынын Социалдык Фондуна чегерүүлөр, дары-дармектер, тамактануу, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жөлөкпулдар, социалдык жөлөкпулдар, стипендиялар жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна чегерүүлөр), ошондой эле мамлекеттик карыз милдеттенмелер жана калктын аманаттарын индексациялоо боюнча жүргүзүлөт.

2. Чыгашалардын корголгон беренелери бюджеттик мекемелердин штаттык санындагы бош орундарга жана ченемдик укуктук актылардын кабыл алынышына байланыштуу азайтылышы мүмкүн.

3. Чыгашалардын беренелерин каржылоо жана максаттуу пайдалануу үчүн жоопкерчилик министрликтерге жана ведомстволорго жүктөлөт.

4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына 2012-2014-жылдарга жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларын каржылоону биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер жана коммуналдык кызматтар боюнча жүзөгө ашыруу сунушталсын.

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203641/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203641/st-7)
