# 17-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджети жана 2013-2014-жылдарга болжолу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203641)
- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 17-апрелиндеги № 41 "Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджети жана 2013-2014-жылдарга болжолу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 41
- Кабыл алынган күнү: 17.04.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.12.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203641/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4573/edition/453099/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203641/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджети жана 2013-2014-жылдарга болжолу жөнүндө, 17-берене (31.12.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203641/st-17

---

1. Бюджеттик мекемелер, чарба жүргүзүүчү субъекттер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан максаттуу багытталышы боюнча пайдаланылбаган республикалык бюджеттин каражаттары тиешелүү бюджетке өндүрүп алууга жатат. Кайтарып берүү негизинде берилген бюджеттик каражаттарды өз убагында кайтарбоо, ошондой эле аларды пайдаланганы үчүн пайыздарды төлөөнүн мөөнөтүн өткөрүп жиберүү мамлекеттик колдоонун бардык түрлөрүн кыскартууга же токтотууга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул Мыйзамдын беренелерин аткарбаганы үчүн кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартууга негиз катары кызмат кылат.

2. Бюджеттик мекемелерге казына тутумун четтеп өтүү менен атайын каражаттарды пайдаланууга тыюу салынсын. Көрсөтүлгөн тартип бузулганда атайын каражаттын 100 пайызы республикалык бюджеттин кирешесине алынат.

---

Мурунку берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203641/st-16)  
Кийинки берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203641/st-18)
