# КР 2012-жылдын 13-апрелиндеги № 37 ""Мамлекеттик алым жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 13-апрелиндеги № 37 ""Мамлекеттик алым жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 37
- Кабыл алынган күнү: 13.04.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.08.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203637>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4569/edition/893578/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203637.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.08.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2012-жылдын 13-апрелиндеги № 37 ""Мамлекеттик алым жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (10.08.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203637

---

КР 2018-жылдын 10-августундагы N 89 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2012-жылдын 13-апрели № 37

"Мамлекеттик алым жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203637/st-1)

"Мамлекеттик алым жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 7-9, 722-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 6-статьянын 7-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "7. Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун жана жалпы жарандык паспортун алууда мамлекеттик алымды төлөөдөн төмөнкүлөр бошотулат:

- биринчи жолу алган жарандар;

- жашаган жери боюнча каттоодо турган жана жумушсуздук боюнча жөлөкпул алган жумушсуз жарандар;

- Кыргыз Республикасына туруктуу жашоо үчүн кайтып келген этникалык кыргыздар.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203637/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Атамбаев
