# КР 2012-жылдын 13-апрелиндеги № 36 "Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 13-апрелиндеги № 36 "Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 36
- Кабыл алынган күнү: 13.04.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.04.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203636>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4568/edition/453087/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203636.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2012-жылдын 13-апрелиндеги № 36 "Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (13.04.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203636

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2012-жылдын 13-апрели № 36

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203636/st-1)

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 1-бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 140-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "2. Акционерлеринин саны 500дөн ашкан, болбосо баалуу кагаздардын жок дегенде 1 чыгарылышын ачык жайгаштырган ачык коом ар жыл сайын акционерлердин жылдык жалпы чогулушунан кийин 2 айдын ичинде, бирок отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-июнунан кечиктирбестен, коомдун каржылык-чарбалык иши жөнүндө жылдык отчетту массалык маалымат каражаттарында жарыялап турууга милдеттүү.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203636/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган учурдан тартып он беш күндөн кийин күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Атамбаев
