# КР 2012-жылдын 13-апрелиндеги № 35 ""Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 13-апрелиндеги № 35 ""Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 35
- Кабыл алынган күнү: 13.04.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.02.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203635>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4567/edition/1237805/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203635.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.02.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2012-жылдын 13-апрелиндеги № 35 ""Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы (28.02.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203635

---

Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 28-февралындагы № 44 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2012-жылдын 13-апрели № 35

"Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203635/st-1)

"Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 2, 130-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин: 11-беренеде: 1-бөлүгүндө:

- биринчи абзацта "4- жана 4-1-бөлүктөрүндө" деген сөздөр "4 4-2-бөлүктөрүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- экинчи абзацта "каттоочу орган" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөргө алмаштырылсын;

3-бөлүктүн экинчи абзацында "4- жана 4-1-бөлүгүндө" деген сөздөр "4 - 4-2-бөлүктөрүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын; берене төмөнкүдөй мазмундагы 4-2-бөлүк менен толукталсын: "4-2. Мамлекеттик органдарды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын мамлекеттик каттоодо арыз берүүчү каттоочу органга төмөнкү документтерди берет:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген форма боюнча каттоо арызын;

- анын негизинде мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы түзүлгөн укуктук актыны;

- эки нускада мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жөнүндө жобону (уставды);

- жетекчисин дайындоо же шайлоо жөнүндө укуктук актыны.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203635/st-2)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин үч айлык мөөнөттө ушул Мыйзамга ылайык келтирсин. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 30 календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Атамбаев
