Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «»Жер казынасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 9 августа 2012 года № 160 "О недрах"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2012-08-09.
КР 2012-жылдын 9-августундагы № 160 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2012-жылдын 13-апрели №34 "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1997-ж., № 8, 377-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин:
1. 3-статья төмөнкүдөй мазмундагы 22-бөлүк менен толукталсын:
"Тарыхый чыгымдар - лицензиялык аймакты геологиялык изилдөө жана кен чыккан жерлерди геологиялык чалгындоо боюнча иштерди жүргүзүүдө мамлекет тарткан өткөн жылдардын чыгымдарынын суммасы.".
2. Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 4-1-статья менен толукталсын:
"4-1-статья. Жер казынасын пайдалануу боюнча операцияларды жүргүзүүнүн ачык-айкындуулугу
Бардык кызыкдар болгон адамдар, анын ичинде юридикалык жана жеке жактар, мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда жер казынасын пайдаланууга берүү шарттары жана анын натыйжалары менен таанышууга укуктуу. Максаты айлана-чөйрөнү коргоо болуп саналган бардык кызыкдар болгон коомдук бирикмелер жер казынасын пайдалануу боюнча өткөрүлүүчү же пландалуучу операциялардын айлана-чөйрөгө таасир этишине тиешелүү толук жана анык маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте алууга укуктуу.".
3. 16-статьянын 7-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жер казынасынын объектинен пайдалануу укугуна лицензия берүү жана лицензиар менен лицензиаттын ортосунда ишти долбоорлоого лицензиялык келишимди түзүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен конкурстук объект боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн конкурстук комиссиясынын чечиминин негизинде жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт. Лицензиялык келишимде тарыхый чыгымдарды төлөөнүн шарттары айтылууга тийиш. Тарыхый чыгымдардын наркы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген эрежелерге ылайык эсептелет.".
4. Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 17-1-статья менен толукталсын:
"17-1-статья. Жер казынасын пайдаланууну чектөө
Өлкөнүн коопсуздугун жана айлана-чөйрөнү коргоону камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен жер казынасынын айрым участокторун пайдаланууга чек коюлушу же тыюу салынышы мүмкүн. Калктуу пункттардын, шаардын айланасындагы зоналардын, токойлордун аймактарында, өзгөчө коргоодогу жаратылыш аймактарында, өнөр жай, транспорт жана байланыш объекттеринде жер казынасын пайдаланууга, эгерде мындай пайдалануу адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудурушу, чарба объекттерине же айлана-чөйрөгө зыян келтириши мүмкүн болгон учурларда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен жарым-жартылай же толук тыюу салынышы мүмкүн.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Жер казынасы жөнүндөЗакон · 02.07.1997 · № 42 · Күчүн жоготкон
- Жер казынасы жөнүндөЗакон · 09.08.2012 · № 160 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- Жер казынасы жөнүндөЗакон · 09.08.2012 · № 160 · Күчүн жоготкон