# 1-берене

- Документ: ["Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/203633)
- Толук аталышы: КР 2011-жылдын 13-апрелиндеги № 33 ""Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 33
- Кабыл алынган күнү: 13.04.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.05.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 30 мая 2016 года № 75 "О государственной гражданской службе и муниципальной службе"](https://aqlex.ai/kg/doc/111354)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203633/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4565/edition/717852/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203633/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.05.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу, 1-берене (30.05.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203633/st-1

---

"Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 12, 529-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин:

1. 20-статья төмөнкүдөй мазмундагы 11-бөлүк менен толукталсын:

"Аттестациядан ыктыярдуу өткөн жана аттестация башталганга чейин өзүнүн убактылуу эмгекке жарамсыздыгы жөнүндө жазуу жүзүндө билдирбеген мамлекеттик кызматчынын убактылуу эмгекке жарамсыздыгы жөнүндө баракча аттестациялык-конкурстук комиссиянын чечимин жокко чыгаруу үчүн юридикалык негиз боло албайт.".

2. 25-статьяда:

статья төмөнкүдөй мазмундагы 8-10-бөлүктөр менен толукталсын: "Ачык конкурс өткөрүүдө аттестациялык-конкурстук комиссия тарабынан маектешүүнү көрмөжазуу жүргүзүлөт. Конкурска катышуучунун өтүнүчү боюнча ага үч күндүн ичинде көрмөжазуунун ага тиешелүү бөлүгүнүн же болбосо толук жазуунун көчүрмөсү берилет. Маектешүүлөрдүн көрмөжазуулары бир жыл бою сакталууга тийиш."; 8-бөлүктө "аяктаган күндөн тартып бир айдын ичинде" деген сөздөр "түздөн-түз ал аяктагандан кийин" деген сөздөргө алмаштырылсын.

3. 41-статьяда:

4-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Чыгымдын ордун толтурган мамлекеттик орган түздөн-түз укукка жат аракеттерге барган мамлекеттик кызматчыга жана кызмат адамына кайтарма талаптарды (регресс) коюуга милдеттүү."; статья төмөнкүдөй мазмундагы 6-8-бөлүктөр менен толукталсын: "Эгерде сотто кызмат адамы тарабынан мамлекеттик кызматчынын эмгек укуктары бузулганы далилденген жана анын кесепетинен соттун чечими боюнча жаранга мыйзамда каралган төлөмдөр төлөнүп берилген учурда, мамлекеттик орган соттун чечиминин негизинде кызмат адамынын эмгек акысынан, анын ичинде ал ушул органда иштөөнү токтоткон учурда дагы ал келтирген зыяндын суммасын кармап калууга милдеттүү. Күнөөлүү адам келтирилген материалдык зыяндын ордун толук толтуруп бергенге чейин башка мамлекеттик кызмат ордуна дайындалышы мүмкүн эмес. Мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мамлекетке материалдык зыян келтирген мамлекеттик кызматчылардын маалыматтык базасын түзөт жана жүргүзөт, ошондой эле зыяндын ордунун толтурулушун контролдойт.".

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203633/st-2)
