# 8-берене. Кыргыз Республикасына чет өлкөлүк делегациялардын визиттеринин программалары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203632)
- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 11-апрелиндеги № 32 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө " Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 32
- Кабыл алынган күнү: 11.04.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.06.2026
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 3 июня 2026 года № 80 "О Государственном протоколе Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230046894)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203632/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4564/edition/783711/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203632/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө, 8-берене (03.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203632/st-8

---

1. Кыргыз Республикасына жогорку/бийик деңгээлдеги чет өлкөлүк делегациялардын визиттеринин программалары Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрү менен бирдикте, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан иштелип чыгат жана делегациялардын келишине байланышкан жолугушуу аземдерин жана башка протоколдук иш-чараларды карайт. Программаларды иштеп чыгуу убагында дипломатиялык каналдар боюнча жогорку даражалуу меймандын каалоосу такталат.

2. Убактысын, өтүүчү жерин, катышуучулардын курамын жана визитти уюштуруу жана жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон башка маалыматтарды көрсөтүү менен иш-чаралардын ырааттуулугун сактоо программанын милдеттүү шарты болуп саналат.

3. Жогорку/бийик деңгээлдеги чет өлкөлүк делегациянын визитинин программасы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан киргизилет жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчилери тарабынан бекитилет же болбосо тиешелүү аппараттардын тышкы саясий иштерди тейлеген орун басарлары тарабынан бекитилет. Визиттин программасы бекитилген учурдан тартып расмий документ болуп саналат.

4. Эгерде жогорку даражалуу мейманды жубайы коштоп келатса, ал үчүн өзүнчө программа түзүлөт жана макулдашылат.

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203632/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203632/st-9)
