# 7-берене. Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк делегациялардын катышуусундагы протоколдук иш-чаралар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203632)
- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 11-апрелиндеги № 32 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө " Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 32
- Кабыл алынган күнү: 11.04.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.06.2026
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 3 июня 2026 года № 80 "О Государственном протоколе Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230046894)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203632/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4564/edition/783711/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203632/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө, 7-берене (03.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203632/st-7

---

1. Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк делегациялардын катышуусундагы протоколдук иш-чараларга жогорку/бийик деңгээлде расмий жолугушуулар жана меймандарды жөнөтүү, биргелешкен эл аралык келишимдерге кол коюу, басма сөз конференциялары, расмий кабыл алуулар, Кыргыз Республикасынын тарыхый жерлерине (Жеңиш аянты же "Ата-Бейит" тарыхый-мемориалдык комплекси) гүлчамбарларды коюу кирет.

2. Эл аралык тажрыйбага ылайык, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппараты, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты менен бирдикте протоколдук иш-чараларды иштеп чыгат.

3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин тиешелүү бөлүмү макулдашууну, даярдоону, эл аралык келишимдердин аутенттүүлүгүн аныктоону жана кол коюуну уюштурат.

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203632/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203632/st-8)
