# 6-берене. Кыргыз Республикасына чет өлкөлүк делегациялардын визиттери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203632)
- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 11-апрелиндеги № 32 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө " Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 32
- Кабыл алынган күнү: 11.04.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.06.2026
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 3 июня 2026 года № 80 "О Государственном протоколе Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230046894)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203632/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4564/edition/783711/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203632/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө, 6-берене (03.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203632/st-6

---

1. Тараптар жогорку даражалуу меймандын (делегациянын) алдыда турган визитинин мөөнөттөрү, мүнөзү жана форматы жөнүндө алдын ала макулдашышат. Маарекелик, майрамдык жана салтанаттуу иш-чараларга чакырууларды кошпогондо, жогорку даражалуу меймандын (делегациянын) Кыргыз Республикасына дем алыш жана майрам күндөрү келиши практикаланбайт. Визиттин мөөнөттөрүн макулдашууда бул жагдай чет өлкөлүк тарапка жеткирилет.

2. Жогорку даражалуу мейман дем алыш жана майрам күндөрү, ошондой эле жумуш убактысынан тышкары келген учурда, протоколдук иш-чаралардын деңгээли төмөндөйт.

3. Протоколдук каада жана урмат-сый чет өлкөлүк делегацияларга визиттин форматына, делегацияны жетектеген адамдын (мамлекеттин, өкмөттүн, парламенттин, тышкы саясат ведомствонун башчысынын же башка бийик даражалуу адамдын) статусуна, эки тараптуу мамилелердин деңгээлине жараша, ошондой эле өз ара принциптерди эске алуу менен көрсөтүлөт.

4. Мамлекеттердин, өкмөттөрдүн, парламенттердин башчыларынын жана аларга теңештирилген адамдардын Кыргыз Республикасына визиттерин пландаштыруу, даярдоо жана жүзөгө ашыруу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын компетенциясында, тышкы саясат ведомстволорунун башчыларынын визиттери Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу.

5. Визиттер мүнөзү боюнча мамлекеттик, расмий, жумушчу, жеке жана жол ара визит болуп бөлүнөт. Кыргыз Республикасына визит Кыргыз Республикасынын борборунун аэропортуна жогорку даражадагы меймандын (делегациянын) учагы (атайын учагы) конгон учурдан башталат.

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203632/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203632/st-7)
