# 4-берене. Мамлекеттик протоколду жүзөгө ашыруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203632)
- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 11-апрелиндеги № 32 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө " Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 32
- Кабыл алынган күнү: 11.04.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.06.2026
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 3 июня 2026 года № 80 "О Государственном протоколе Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230046894)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203632/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4564/edition/783711/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203632/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө, 4-берене (03.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203632/st-4

---

1. Мамлекеттик протокол Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын протоколдук кызматтары менен бирдикте Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан жүзөгө ашырылат.

2. Кыргыз Республикасынын аймагында бирдей протоколдук практиканы жалпы координациялоо Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Мамлекеттик протокол департаменти тарабынан жүзөгө ашырылат.

3. Кыргыз Республикасынын жогорку жетекчилеринин чет мамлекеттерге визиттерин, ошондой эле чет өлкөлүк делегациялардын Кыргыз Республикасына жогорку жана бийик деңгээлдеги визиттерин дайындоо жана өткөрүү боюнча уюштуруучулук-протоколдук мүнөздөгү маселелерди чечүү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Мамлекеттик протокол департаментинин координациялоочу ролунун алдында Кыргыз Республикасынын кызыкдар ведомстволору тарабынан камсыз кылынат.

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203632/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203632/st-5)
