# 3-берене. Мамлекеттик протоколдун максаттары жана милдеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203632)
- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 11-апрелиндеги № 32 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө " Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 32
- Кабыл алынган күнү: 11.04.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.06.2026
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 3 июня 2026 года № 80 "О Государственном протоколе Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230046894)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203632/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4564/edition/783711/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203632/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө, 3-берене (03.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203632/st-3

---

Мамлекеттик протоколдун негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

- чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен болгон мамилелерде Кыргыз Республикасынын бирдиктүү протоколдук практикасын жүргүзүү максатында мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштерин координациялоо;

- Кыргыз Республикасынын жогорку жетекчилигинин чет мамлекеттерге визиттерин, ошондой эле жогорку жана бийик деңгээлдердеги чет өлкөлүк делегациялардын Кыргыз Республикасына визиттерин протоколдук камсыз кылуу;

- республиканын региондору боюнча биринчи адамдардын жумушчу сапарларын даярдоо жана уюштуруучулук жактан камсыз кылуу;

- сүйлөшүүлөрдү даярдоо жана уюштуруу, көп тараптуу форматтагы иш-чараларды өткөрүү, эл аралык келишимдерге кол коюу;

- чет мамлекеттердин элчилеринин ишеним жана кайра чакыртып алуу грамоталарын Кыргыз Республикасынын Президентине тапшыруусун уюштуруу;

- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган башка милдеттерди жүзөгө ашыруу.

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203632/st-2)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203632/st-4)
