3-берене. Мамлекеттик протоколдун максаттары жана милдеттери
Күчүн жоготкон · 03.06.2026 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 3 июня 2026 года № 80.
Мамлекеттик протоколдун негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен болгон мамилелерде Кыргыз Республикасынын бирдиктүү протоколдук практикасын жүргүзүү максатында мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштерин координациялоо;
- Кыргыз Республикасынын жогорку жетекчилигинин чет мамлекеттерге визиттерин, ошондой эле жогорку жана бийик деңгээлдердеги чет өлкөлүк делегациялардын Кыргыз Республикасына визиттерин протоколдук камсыз кылуу;
- республиканын региондору боюнча биринчи адамдардын жумушчу сапарларын даярдоо жана уюштуруучулук жактан камсыз кылуу;
- сүйлөшүүлөрдү даярдоо жана уюштуруу, көп тараптуу форматтагы иш-чараларды өткөрүү, эл аралык келишимдерге кол коюу;
- чет мамлекеттердин элчилеринин ишеним жана кайра чакыртып алуу грамоталарын Кыргыз Республикасынын Президентине тапшыруусун уюштуруу;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган башка милдеттерди жүзөгө ашыруу.
Берененин тексти 03.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
3-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203632/st-3" title="3-берене - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>