# 15-берене. Кыргыз Республикасынын жогорку жетекчилигинин чет өлкөлүк визиттери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203632)
- Толук аталышы: КР 2012-жылдын 11-апрелиндеги № 32 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө " Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 32
- Кабыл алынган күнү: 11.04.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.06.2026
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 3 июня 2026 года № 80 "О Государственном протоколе Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230046894)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203632/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4564/edition/783711/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203632/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө, 15-берене (03.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203632/st-15

---

1. Кыргыз Республикасынын жогорку жетекчилигинин чет өлкөлүк визиттеринин мөөнөттөрү дипломатиялык каналдар боюнча макулдашылат. Кыргыз Республикасынын жогорку жетекчилигинин чет өлкөлүк визитин даярдоо жана өткөрүү үчүн визит өтүүчү өлкөгө алдыңкы топ жөнөтүлөт. Кыргыз Республикасынын тиешелүү элчилиги алдыңкы топтун ишине зарыл көмөктөшүүнү камсыз кылат. Кыргыз Республикасынын жогорку жетекчилиги чет өлкөгө визит менен жөнөп жатканда жана чет өлкөдөн кайтып келгенде, эреже катары, аларды Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчилери жана башка расмий адамдар жөнөтүшөт жана тосуп алышат.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин чет өлкөлөргө визиттеринин бир учурда болуусуна жол берилбейт.

3. Пландаштырылган көп тараптуу иш-чара учурларын кошпогондо, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кыска мезгилдин ичинде бир эле чет өлкөгө визиттерине жол берилбейт.

---

Мурунку берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203632/st-14)  
Кийинки берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203632/st-16)
